Бугу 03, 2024
Убакыт: 18:55
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жапаров: Азыр кеминде 4 тилди, анын ичинде IT тилин билүү зарыл болгон мезгил

07.06.2022 19:51
520
Жапаров: Азыр кеминде 4 тилди, анын ичинде IT тилин билүү зарыл болгон мезгил

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Жаш лидерлер» долбоорунун катышуучулары менен жолугушту, алар менен пикир алышууда жаштарды тилдерди үйрөнүүгө, алга умтулуп, билим алуу үчүн күч үрөөгө чакырды.  Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


«Азыр кеминде 4 тилди, анын ичинде IT тилин билүү зарыл болгон мезгил. Кыйынчылыктарга баш ийбестен, алга кадам таштай берүү керек, ал адамдын мүнөзүн калыптандырып, адамды күчтүү болууга үйрөтөт. Китепти көп окугула, алдыга чоң максаттарды коюп, ата-энеңерге жардам бергиле», - деп кайрылды долбоордун катышуучуларына Министрлер кабинетинин төрагасы.


Белгилей кетсек, иш-чара эркин микрофон форматында өтүп, ар бир катышуучу аны кызыктырган суроолорун берди. 


Эң кызыктуу суроолордун ичинде Акылбек Жапаровду шыктандыруунун булагы катары эмне саналары тууралуу суроо берилди.


«Мени шыктандыруучу нерселер китептер жана менин неберелерим болуп саналат. Алар мага өсүүгө күч-кубат берет», - деди Министрлер кабинетинин төрагасы жана бала кездеги эскерүүлөрү менен бөлүштү.


Акылбек Жапаров ошондой эле долбоор катышуучуларына билим берүү тутумун реформалоо жана таланттуу жаштарды колдоо боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн