Теке 01, 2025
Убакыт: 02:37
USD
87.30
87.80
EUR
101.80
102.80
RUB
1.110
1.135

Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты

27.03.2023 09:58
315
Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун энергетикалык объектилери менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Министрлер кабинетинин төрагасы Токтогул ГЭСинин № 2 агрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун баштоонун инфраструктурасы менен таанышты.


Анда Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСине баруучу жолдун жана тоннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты.


Мындан тышкары, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин жер үстүндөгү агынды суу өткөргүчүнүн курулушу менен таанышты.


Иш сапардын жыйынтыгында Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушун жана инфраструктурасын даярдоо процессин тездетүүнү, ошондой эле республикадагы иштеп жаткан энергетика объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн