Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, Казакстан Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында Нур-Султан шаарындагы Ата Мекенди коргоочулардын эстелигине гүлчамбар койду.
Мамлекет башчысы Республикалык гвардиянын кол башчысынын коштоосу менен тизилип турган ардактуу кароолдон өтүп, эстеликке гүлчамбар койду.
Гүлчамбар койгондон кийин Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго бир мүнөт эскерүү менен таазим кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн