Чын курандын 21, 2025
Убакыт: 06:16
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

Жапаров кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу жана стратегиялык темир жолдун курулушун талкуулоо үчүн Кытайга жөнөп кетти (Делегация курамы)

03.02.2022 14:12
958
Жапаров кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуу жана стратегиялык темир жолдун курулушун талкуулоо үчүн Кытайга жөнөп кетти (Делегация курамы)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти, - деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.


Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.


Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:


- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;


- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;


- Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова;


- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;


- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн