Бугу 19, 2024
Убакыт: 11:31
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жарандан 300 миң сом талап кылган милициянын жалган кызматкери кармалды (видео)

Жарандан 300 миң сом талап кылган милициянын жалган кызматкери кармалды (видео)

Жарандан акча каражатын талап кылган жалган милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу  ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлашты.


2023-жылдын 26-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну жеке ишкер 43 жаштагы А.А. арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 26-январь күнү саат 14:00 чамасында арыздануучунун уюлдук номуруна белгисиз атуул бир канча номурдан телефон чалып, анын үстүнөн компроматтык материалдар бар экендигин айтып, арыздануучунун өмүрүнө коркунуч жаратып, 300 000 сом (үч жүз миң ) акча каражатын талап кылып жаткандыгын билдирген да

Аталган факты Кызыл-Кыя ШИИБде катталып, тергөө иши башталган. 

 

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, толук аты-жөнү белгисиз  болгон жаран өзүн милиция кызматкери экендигин билдирип, арыздануучудан талап кылып жаткан акча каражатын Бишкек шаарынын Ленин РИИБне алып келүүсүн талап кылган.

Жогорудагылардын негизинде, Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан ИИМдин Ички иликтөө кызматына  “Чынгыз” аттуу милиция кызматкери талап кылып жаткан акча каражатын алуу учурунда аны кармоого көмөктөшүү жөнүндө атайын тергөө тапшырмасы берилген.


2023-жылы 28-январь күнү саат 01:00 чамасында ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери жана Кызыл-Кыя ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иликтөөнүн негизинде, жабырлануучу А.А. Бишкек ШИИББнын Ленин РИИБдин имаратынын алдына 230 000 (эки жүз отуз миң ) сом талап кылып жаткан акча каражатын алган учурда кармалып, анын кийип турган курткасынын сол чөнтөгүнөн жогорудагы акча каражаты далил бюум катары табылап алынды.


Кармалган шектүү жарандын өздүгү такталып, ал эч жерде иштебеген Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну 30 жаштагы Т.Ч. экендиги аныкталган.


Кармалган Т.Ч. карата атайын тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Кызыл-Кыя ШИИБдин тергөө кызматынана өткөрүлүп берилди.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн