Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

14.05.2022 17:06
1470
Жаш өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө


      Милиция кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя, Кадамжай аймактарындагы жаштар арасында пикир келишпестикке жол бербөө максатында жыйын өткөрүлүүдө. Бул туурасында Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

     2022-жылдын 14-май күнү Кадамжай районунун Уч-Коргон айыл аймагынын Манас-Ата орто мектебинин окуучуларына күн алыс бир-бири менен пикир келишпестиктен Кызыл-Кыя шаарынын аймагындагы мектеп окуучуларынын ортосунда чырдашкан учурларын жоюу максатында Кадамжай РИИБдин начальниги милициянын майору К.Козубаев жана Кызыл-Кыя ШИИБнин начальниги милициянын полковниги Н.Буркановтор менен мектеп мугалимдердин катышуусунда түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.   

   

    Ата-энелерге балдар арасында ар кандай укук бузуулардын алдын алуу жана болтурбоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарга, эрте куракта никеге турууга мыйзам жол бербеши боюнча түшүндүрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаса, мыйзам жолунда кандай жазалар колдонорун кеңири түшүндүрүп, мектеп окуучуларына жана ата-энелерге эскертилди.


  Ошол эле учурда Кызыл-Кыя шаарынын

Совхоз айылындагы Панфилов орто мектебинин окуучулары май айындагы жаратылышка, экскурсияларга жана башка жайларга ата- энелердин коштоосуз чыгып жаткан учурлары кездешип жаткандыктарын белгилеп өттү. 

   

   Жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу, уруш-талаштыка, ар түрдүү кырсыктардын алдын алуу максатында окуучуларга ар бир мектепте мугалимдердин катышуусунда жаратылышка ар кандай экскурсияларга чыкпоо тууралуу түшүндүрүү иштери жеткирилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн