Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Кундус Кырбашева ээлеген кызматынан бошотулду.
Ведомстводон билдиришкендей, Кундус Кырбашева 2024-жылдын июль айында Фондго жетекчи болуп дайындалган учурдан тартып, энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) боюнча долбоорлор үчүн 3 964 гектар жерди ижарага өткөрүп берүү менен инвесторлор менен жалпы эсеп менен 42 келишим түзүлгөн. Анын ичинен 31 жер тилкеси жалпы кубаттуулугу 351,97 МВт болгон чакан ГЭСтер үчүн, ал эми 11 жер тилкеси кубаттуулугу 1 634,5 МВт болгон күн электр станциялары үчүн берилген.
Бул мезгилдин ичинде ижара төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттардын суммасы 113 миллион сомду түздү, салыштырмалуу: бүткүл 2023-жыл ичинде ижара боюнча көрсөткүч ноль болгон. Алты ай ичинде конкурстук комиссиянын 18 жыйыны өтүп, 107 лот каралды.
Белгиленгендей, учурда Фонддун балансында жалпы аянты 19 миң гектардан ашык болгон 82 жер тилкеси бар, алардын ичинен 15 миң гектары инвесторлорго өткөрүп берүүгө даяр болуп турат. Бул кайра жаралуучу энергия булактары тармагын мындан ары да өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Кундус Кырбашева Фонддогу ишин жыйынтыктап жатып, жетишкендиктерди жана маанилүү реформаларды белгиледи. Ал кайра жаралуучу энергетика жаатындагы өнүгүү, президент Садыр Жапаровдун саясий эрки жана инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча системалык чараларга байланыштуу болгондугуна токтолду.
"Кырбашева өлкөдө жашыл долбоорлорду мындан ары илгерилетүү үчүн, топтогон тажрыйбасын жана иштелип чыккан механизмдерди колдонуу менен кайра жаралуучу жашыл энергетика секторун өнүктүрүүнү жаңы форматта улантууну көздөйт",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн