Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 15:19
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Жазаларды аткаруу кызматы бетон заводун ачты

06.11.2024 11:58
579
Жазаларды аткаруу кызматы бетон заводун ачты


Молдовановка айылында Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан курулган бетон заводу ачылды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев, юстиция министринин орун басары Зарылбек уулу Алмазбек, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, ошондой эле жергиликтүү бийликтин жана ЖАКтын жетекчилигинин өкүлдөрү катышты.

Заводдун максаты - ЖАКтын мекемелерин Бишкек, Ош, Каракол жана Жалал-Абад шаардын чегинен тышкары жайгаштыруу боюнча курулуш иштерин камсыздайт. Бул каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга жана ички өндүрүштүн эсебинен курулуш материалдарына чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берет.

Завод ЖАКтын “Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканасы тарабынан тарабынан курулган, анын баасы 30 млн сомду, ал эми өндүрүштүк кубаттуулугу саатына 100 куб метр бетонду түзөт. Завод 10 жумуш ордун камсыз кылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн