Бугу 11, 2024
Убакыт: 22:12
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жазуучу президенттер

24.03.2021 13:21
603
Жазуучу президенттер


Дүйнө мамлекеттеринин тарыхында колуна калем кармап, жазуучулук кылып жүрүп президенттик тактыга отургандар да, ошол эле убакта тактыга отургандан кийин ышкысы ойгонуп, катар-катар китептерди жазып салгандары да бар. Бул макалабызда ошол жазуучу президенттер тууралуу сөз кылгыбыз келди. 


Китептеринин саны жагынан албетте азыркы тапта башка жазуучу президенттерди Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов алдына салбайт. 2007-жылдан бери бийлик башында турган Бердымухамедов 13 жыл аралыгынла (2020-жылга чейин) 53 китеп жазып, чыгарууга жетишти. Мындай «төгүлүп» турган чыгармачылыкка дүйнөгө таанымал классик жазуучулар да жетише албаса керек. 


Өткөн жылдын 5-августунда ал өзүнүн жаңы китебин жыйынтыктаганын ТДХ мамлекеттик маалымат агенттиги маалымдаган. Ал китеби түркмөн элинин салттарына багытталган. Улуттук макал-лакаптар, учкул сөздөргө да өзгөчө көңүл бурган. Анан дагы жашоонун маңызы, илим жана билимдин коомду өнүктүрүүдөгү негизи, чың саламаттыкта жашоо образы, эмгекти сүйүү, меймандостук, достук жана туугандык байланыш сыяктуу темаларга токтолгон.  Айтор, Бердымухамедовдун китептеринин көпчүлүгү ушул сыяктуу темаларга багытталат. Анан дагы анын ар бир чыккан китеби Түркмөнстанда өтө чоң урмат-сый менен коштоло турганы белгилүү. 


Бердымухамедовго чейин өлкөнү башкарган Сапармурат Ниязов да бир нече китептин автору болгон. Анын башкы адабий эмгеги – «Рухнама» илимий-философиялык эмгек болгон. Ал китеби Түркмөнстандагы бардык окуу жайларда сабак катары киргизилген. Ниязов проза гана эмес, поэзияга да сүңгүгөн. Айрым ырлары орус тилдерине да которулган. 


Негизи С. Ниязовдун башында жазуучулук шыгы деле болгон эмес. Анын мындай шыгы 1990-жылдардын аяк чендеринде ойгонгон. Адегенде ал «Улуттук акыл-ой (духовный) өнүгүү программасы» же «Түркмөндөрдүн акыл-ой (духовной) конституциясы» деген өтө чоң китеп жазып жатканын айтканы бар. Ошентип «Руханама» деген китеби жарыкка чыккан. Китеби чыккандан кийин С. Ниязов аны «түркмөндөр үчүн Курандан кийинки эле китеп болуш керек» дегени бар. 


Андан кийин «Түркмөнама» деп аталган түркмөн элинин тарыхына байланыштуу китеп жазууга отурган. Мындан сырткары ырларды да жазып, басма сөз беттерине жарыялаган. Анын ырларына обондор да чыккан. Түркмөн радиосу жана телеканалдарында күнүгө берилген. Концерттерде ырдалган. Анын ырларын ырдаган ырчылардын өзүнө жаккандарына «Эмгек сиңирген артист» наамы менен чогуу 5 миңден 10 миң долларга чейин сый акы да берип турган. 


Ошентип кечеги тарыхтан алганда Түркмөнстанды учурда экинчи ирет жазуучу президент башкарып турат. 

Коңшулаш Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев да бир нече китептердин автору. Мисалы, «Эпицентр мира», «Хранить память, крепить согласие», «Законы лидерства», «Без правых и левых», «Казахстанский путь» жана башка. 2006-жылга чейин эле ал 12 китепти чыгарганы белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында 12 китеп чыгаруу деген көптөгөн дүйнөлүк классиктердин да колунан келген эмес. Назарбаевдин китептери дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулган. Бирок, 2006-жылдагы «Азаттыктын» сурамжылоосунда Казакстандагы ЖОЖдордун студенттери Назарбаевдин китептерин окушпай турганы белгилүү болгон. Ошол эле убакта анын бул китептерди өзү жазаарынан күмөн санаган казакстандыктар да бар. Алардын арасында Назарбаев менен жогорку партиялык мектепте чогуу окуган Совет Оралбаев да 2006-жылы «Азаттыкка» президенттин мурда жазуучулук шыгы болбогонун айтып берген. 


1989-жылдан 1992-жылга чейин Чехославакиянын, 1993-жылдан 2003-жылга чейин Чехиянын президенти болгон Вацлав Гавел президенттик тактыга отурганга чейин адабият чөйрөсүндө кеңири таанымал болгон. Анын бир катар пьесалары театрларда коюлган. Ошону менен катар эле ал өз өлкөсүндө социалисттик башкарууга каршы чыккан саясатчылардын катарын толуктаган, бир нече ирет камакка да алынган. 


Ал эми өзүбүздүн Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев да китеп жазчу. «Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» элдик эпосу», «Памятное десятилетие: трудная дорога к демократии» деген китептери анын президенттик доорунда жарыкка чыккан. Мындан сырткары чет тилдерде да башка авторлор менен биргеликте бир нече китептерди чыгарган. 


2011-жылдан 2017-жылга чейин бийликте турган Алмазбек Атамбаев да учурда абакта жатып китеп жазуунун үстүндө экенин анын адвокаты Замир Жоошев билдирген. Анын айтымында китепте Атамбаев өзүнүн бала чагы, мектеп курагы тууралуу жазууда. 


Учурдагы президент Садыр Жапаров да бийликке келгенге чейин эле «Саясаттагы 10 жыл» аттуу китебин жазганы белгилүү. Жакында эле «Азаттыкка» берген маегинде ошол китептин экинчи бөлүгүн баштай турганын билдирген.


Сагынбек Сатыкеев 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн