Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:30
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жээнбек Кулубаев KOICAнын директору менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

24.10.2022 12:00
289
Жээнбек Кулубаев KOICAнын директору менен кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады

 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында 2022-жылдын 23-октябрында Сеул шаарында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) Президенти Сон Хюк Санг менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөө, Кыргызстандын Корея Республикасынын Өкмөтүнөн өнүктүрүү боюнча расмий жардам алуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизилгенин жана 2022-жылдын январында корей тараптан бекитилген экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү стратегиясын эске алып, KOICA аркылуу гранттык жана техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча кеңири пикир алышты.


Тараптар учурдагы долбоорлорду ишке ашырууну жана 2024-жылга карата артыкчылыктуу багыттарда: мамлекеттик башкаруу, санариптештирүү, жашыл экономика, экология, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо жана коопсуздук боюнча долбоордук өтүнмөлөрдү илгерилетүү маселелерин талкуулашты.


Министр Кулубаев белгилегендей, кыргыз тарап KOICAнын ишмердүүлүгүн жогору баалайт жана өкүлчүлүктүн Кыргызстанда болушу өлкөнүн түрдүү тармактарда өнүгүүсүнө кошумча стимул берет. Эгемендүүлүк алгандан бери KOICA Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болуп калганын Жээнбек Кулубаев билдирди.


Кыргыз тарап өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу багыттарында биргелешкен долбоорлорду көбүрөөк ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.


Өз кезегинде Президент Сон Хюк Санг KOICAнын Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, өзгөчө Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамдын көлөмүнүн өскөнүн белгиледи. Ал өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, KOICAнын кыргыз тарап менен эффективдүү өз ара аракеттенүүсүн жогору баалады.


Жолугушуунун соңунда министр Кулубаев KOICAнын Президенти Сон Хюк Сангды жакын арада Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн