Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жээнбек Кулубаев Тажикстан "Байрактарды" сатып алганын тастыктады

27.04.2022 11:52
612
Жээнбек Кулубаев Тажикстан "Байрактарды" сатып алганын тастыктады

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Жээнбек Кулубаевдин ТИМ башчылыгына талапкерлиги каралууда. 


Депутат Мирлан Самыйкожо социалдык тармактарда Тажикстан Түркиядан  "Байрактар ТБ2" учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алганы тууралуу маалымат канчалык чын экенин сурады.


"Бул тастыкталган. Тажикстан Түркиядан "Байрактар ТБ2" учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алган. Бул боюнча биз Түркия билдирүү жөнөтүп, бул маселеде аяр болууга чакырганбыз. Анткени Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чатак толугу менен жоюла элек",- деди Жээнбек Кулубаев.


Жээнбек Кулубаев Тажикстан Түркиядан канча суммага, канча көлөмдө аппараттарды сатып алганын такталып жатканын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн