Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жээнбек Кулубаев Темир Сариев менен жолугушуу өткөрдү

11.01.2023 17:02
246
Жээнбек Кулубаев Темир Сариев менен жолугушуу өткөрдү

 Бүгүн, 11-январда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы шайланган президенти Темир Сариев менен жолугушуу өткөрдү.


Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы экономикалык дипломатияны илгерилетүү, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен соода-экономикалык мамилелерин өнүктүрүү, ата мекендик ишкерлерге зарыл колдоо көрсөтүү боюнча өз ара кызматташуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташуунун приоритеттүү багыттарын белгилешти.


Кыргыз Республикасынын товар жүгүртүүсүн көбөйтүү, чет өлкөлөрдө ата мекендик соода үйлөрүн ачуу, приоритеттүү тармактарына чет элдик инвесторлорду тартуу, ички жана тышкы бизнес-миссияларды уюштуруу боюнча толук пикир алмашуу болуп өттү.


Тараптар эки мекеменин ортосунда ушул форматта үзгүлтүксүз жолугушууларды жана консультацияларды өткөрүп турууну макулдашышты.


Жолугушунун соңунда, КР Тышкы иштер министри Кулубаев КР Соода-өнөр жай палатасынын жаңыланган жетекчилиги Кыргыз Республикасындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча жигердүү иш жүргүзүүсүнө ишеним билдирип, КР Cоода-өнөр жай палатасынын жаңы Президенти Сариевге ийгиликтерди каалады.


                                

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн