Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык мамилелер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде 2022-жылдын жыйынтыгы тууралуу отчет берүүдө.
Отурумда депутат Шайлообек Атазов Кыргызстандын элчилеринин функциялары жана эффективдүүлүгү тууралуу сурады.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 35 өлкөдө элчилиги жана башкы консулдугу бар.
Баары жакшы иштеп жатат дегенден алысмын. Ошондой болсо да, Түштүк Корея, Сауд Араб Падышачылыгы, Германия жана Кытайдагы элчилерибиз жакшы иштеп жатат деп айтууга болот",- деди министр Кулубаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн