Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 05:23
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жээнбеков Венгриянын премьер-министри менен жолугушууда эмнелерди талкуулашты?

29.09.2020 16:30
878
Жээнбеков Венгриянын премьер-министри менен жолугушууда эмнелерди талкуулашты?

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда, Будапешт шаарында Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери менен келечеги талкууланды.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан президент Сооронбай Жээнбековду жылуу кабылдап, курамында өлкөнүн бир катар министрликтеринин жетекчилери кирген делегация менен Венгрияга келгенине ыраазычылык билдирди.

Ал венгер эли байыркы тарыхы жана маданияты болгон дүйнө элдерин, андай элдердин ичиндеги кыргыз элин дагы өзгөчө сыйлай турганын белгиледи.

«Венгрия Кыргызстанды байыркы маданий салт-санаага жана терең маданиятка ээ өлкө катары тааныйт», — деп баса белгиледи Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри өлкөсүнүн саясий маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен баалуулуктары, Өкмөтүнүн түзүмү менен ишмердүүлүгү тууралуу айтып келип, Өкмөттүн ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттарына токтолду. Кыргызстан менен биргелешкен кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков чакан форматтагы сүйлөшүүлөрдө маселелердин кеңири чөйрөсү конструктивдүү талкуулангандыгын баса белгиледи.

Кыргыз-венгер кызматташтыгынын мындан ары кеңейүүсү үчүн чоң потенциал бар экенине өзгөчө токтолуп, бүгүнкү күндө ал жаңы стратегиялык деңгээлге чыгып жатканын канааттануу менен кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Виктор Орбандын эки тараптуу кызматташууда сөздөн ишке өтүү зарылдыгы жөнүндө пикири менен макул болду.

«Европадагы биздин биринчи стратегиялык өнөктөшүбүз Венгрия болгонуна кубанычтабыз. Биздин күн тартибибиз саясий, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелерди камтыйт», — деп баса белгиледи президент.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз-венгер өнүктүрүү фондусун түзүү постпандемиялык мезгилде өлкөдөгү чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө бир кыйла салым кошоруна токтолду.

Ошондой эле ал биринчи кыргыз-венгер бизнес форумун өткөрүү эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы ишкердик түз байланыштарды жолго коюуга өбөлгө болоруна жана соода-экономикалык кызматташууга кошумча түрткү болоруна бекем ишенерин билдирди.

Мындан сырткары, Сооронбай Жээнбеков Будапешт шаарындагы гүлбакка улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылгандыгы жана студенттерге квота жогорулатылгандыгы үчүн ыраазычылыгын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүүгө чакырды.

«Эки элдин ортосунда көптөгөн жалпылыктар бар экенин дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Булар — тарыхый жана маданий тыгыз байланыштар. Менин визитимдин жыйынтыгы конкретүү натыйжаларды берерине жана бардык багыттагы кызматташууларды бекемдерине үмүт кылам», — деп жыйынтыктады С.Жээнбеков.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн