Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 04:21
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жээнбековдун саламаттыкты сактоо тармагынын адистери менен жолугушуусунан фоторепортаж

16.07.2020 08:31
1174
Жээнбековдун саламаттыкты сактоо тармагынын адистери менен жолугушуусунан фоторепортаж


Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-июлда өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагынын белгилүү адистери менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, кырдаалга анализ жана божомолдоо жүргүзүү, илдеттин өзгөчөлүгү жана дарылоо боюнча пикир алышууболду.

Мамлекет башчысы жолугушуунун катышуучуларынын илимий пикирлерин, ошондой эле азыркы кырдаалда өлкөнүн саламаттык сактоо тармагында келип чыккан кечиктирилгис көйгөйлөрдү чечүү үчүн практикалык бир катар сунуштамаларын укту.

Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга медицина илимдеринин доктору, профессор, И.Ахунбаев атындагы КММАнын үй-бүлөлүк медицинаны дипломдон кийинки окутуу кафедрасынын башчысы Нурлан Бримкулов, ДССУ эксперти Касымбек Мамбетов, медицина илимдеринин доктору, профессор, Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Акпай Сарыбаев жана башка бир топ адистер катышты.

Сүрөттөр президенттин басма сөз кызматынан алынды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн