Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жеке ишкерден 50 миң доллар талап кылган жарандар кармалды

Жеке ишкерден 50 миң доллар талап кылган жарандар кармалды

Бишкекте жеке ишкерден 50 миң доллар талап кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылдын сентябрь айында ИИМдин КИББдин Бишкек шаары боюнча 3-башкармалыгынын УКККБнын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы) кызматкерлери ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат алышкан.


"Өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар, Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган.

Мындан тышкары, кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.

Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

 Жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп баштаган.

Кечээ, Бишкек шаары боюнча ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан",- деп айтылат маалыматта.


Алар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган. Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган. 


Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат. 



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн