Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 13:24
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жеке ишкерлерден опузалап акча талап кылган Кадыр Досоновдун активдүү балдары кармалды

19.02.2022 16:42
602
Жеке ишкерлерден опузалап акча талап кылган Кадыр Досоновдун активдүү балдары кармалды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


       2022-жылдын 17-февралында УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыш ишинин материалдарынын алкагында, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун жеке ишкерлерди коркутуп, опузалап акча каражатын талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү аныкталган.


        Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагында А.А.И. аттуу жарандан акча каражатын алып жаткан жеринен мурда ар кандай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон К. Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү 1993-жылы туулган А.у.Э., 1992-жылы туулган Р.Э.Р., кармалып, УКМКнын тергөө камак жыйынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 


        Учурда кармалгандарга карата уюшкан кылмыштуу топтордун мыйзамсыз иштерине тиешеси бар башка фактыларды жана башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн