Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 10:18
USD
86.55
87.05
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

Жеңген жакшы, жеңилгенди билген да жакшы

15.04.2021 10:43
1626
Жеңген жакшы, жеңилгенди билген да жакшы


Кандай гана шайлоо өтпөсүн, анын жыйынтыгына нааразы болуп чыгуу жагынан Кыргызстан дүйнөдө азырынча башка бир дагы мамлекетти алдына салалек. Ушул күнгө чейин канча шайлоо өтсө, ошонун дээрлик баарында «Мен бул шайлоону тааныбайм» деп чыккандар болот. Ырас, мурда президенттик жана парламенттик шайлоолордо гана ушундай өнөкөттөр кайталанат эле. Бул жолу жергиликтүү кеңештердин шайлоолорунан кийин да пайда болуп отурат. Демек, өнөкөттүн масштабы кеңейүүдө.


Кече 14-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдында шайлоодо 7 пайыздык чектен өтө албай калган сегиз партиянын өкүлдөрү ачкачылык жарыялашты. Алар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, добуш берүүнү кайра жарыялоону талап кылып жатышат.


Чындап эле шайлоо таза өтпөй калдыбы? Шаардык кеңешке эл күтпөгөн партиялар келдиби? Ачыгын айтканда, шайлоонун алдында эле шаардык кеңешке кайсыл партиялардын келүү мүмкүнчүлүгү жогору болуп жатканы белгилүү болуп калган. Кайсыл партиялар реалдуу жеңишке жетүү үчүн талапкерлеринин тизмесин да татыктуу тандап, үгүт иштерин да олуттуу жүргүзүп жатышканын коомчулук көрүп эле турду. Ошол эле убакта шайлоодон кийин түрдүү нааразычылык акцияларын уюштуруп жиберүү үчүн гана катышып жаткан партиялар деле белгилүү болчу. Өздөрү эл аралап үгүт жүргүзүшпөдү. Пиар кампаниялары иштеген жок. Алтургай партияларынын тизмесиндеги талапкерлеринин дээрлик баары шаардыктарга тааныш эмес болду. Ушундай жол менен алар шайлоодо жеңишти камсыздай алабыз деп ойлошту беле?


Жеңишке жетишкен партиялардын көпчүлүгү өздөрүнүн катарына шаардык кеңештин мурдагы депутаттарын кошушту. Албетте, аларга карата социалдык түйүндөрдө түрдүү сын-пикирлер айтылды. Бирок, ошол мурдагы депутаттар шаардагы аймак башчыларын, көп кабаттуу үйлөрдүн домкомдорун жакшы тааныша турганын эске алган жан болгон жок. Алар менен мурдатан тыгыз кызматташып, маселе-көйгөйлөрдү чогуу чечип жүрүшкөн. Мурда депутат болгондор шаардын көйгөйлөрүн жакшы билишет, андыктан аны чечүүнүн жолдору тууралуу ынанымдуу сүйлөп жатышты.


Көптөгөн участкаларда шайлоочулар конкреттүү талапкерлерге добуш беришти. Албетте, ошол талапкер кирген партияга. Мисалы, өткөн жылдагы пандемия апааты учурунда ыктыярчы болуп шаардыктарга жакшы таанылып калган талапкерлер «Биздин Эл» партиясында болду. Анан элге оор кырдаалда дух берген, ага кошумча колунан келген жардамын көрсөткөн талапкерлерди шаардыктар кантип колдобой койсун? Аларга кошумча ырчы кыз Анжелика да ушул партияда болду. Ал дагы ырчылыгы менен бирге ыктыярчылыкты да өткөн жылы жакшы аркалаган. Социалдык түйүндөрдө жетишээрлик колдоочулары бар. Партия мурда элге жакшы тааныш эмес болсо дагы, анын катарындагы талапкерлер шаардыктарга жакындан тааныш болуп жатабы?


НДПК партиясы тизменин сапбашына КТРКнын экс-башкы директору Илим Карыпбековду алып чыкты. Ошондой эле шаар мэриясында мурда иштеген Гуля Алманбетова да ушул партияда болду. Экөөнүн тең сүйлөгөн-эткендерин таптакыр жактырбагандар да бар. Ошол эле убакта экөөнүн тең туруктуу колдоочулары да бар экенин эске алыш керек. Демек, НДПК партиясы бул эки талапкерди тандоодон адашкан жок. Экөөнүн аталган партиянын катарына кириши шайлоочулардын көңүлүн көбүрөөк бура алды.


Нариман Түлеев баштап чыккан «Ак-Бата» партиясы эмне үчүн экинчи орунда келди? Биринчиден, Н. Түлеев мурда борбор калаа мэри болуп иштеген. Анын ошол убактагы ишмердүүлүгүнө оң баасын берип келаткан туруктуу колдоочулары дагы деле арбын. Экинчиден, ал өз партиясынын пиар-кампаниясына өзгөчө көңүл бурду. Массалык маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө өтө активдүү болду.


Негизи эле алдыга чыгып келген «Эмгек», «Ак Бата», «НДПК» партиялары рекламалык кампаниясын мыктылап жүргүздү. «Ынтымак» партиясы пиар жүрүшү жагынан аталган партиялардан азыраак аркада калганы менен, медиа айдыңында үзгүлтүксүз чыгып турду.


Албетте, шайлоо алдындагы рекламалык кампания үчүн акча керектелет. Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө ушундай. Болгону үгүт кампаниясына коротулган акча ачык көрсөтүлүшү зарыл. Анан «Акчалуу партиялар эле жеңишке жетип алышты» деп айыптоо туура болобу? Жеңбей калган партиялар деле өздөрүнүн катарына акчалуу талапкерлерден тартса болбойт беле? Же аларга кимдир-бирөө тоскоолдук жараттыбы?


Деги эле азыр нааразы болуп, ачкачылык жарыялап жаткан партиялардын өкүлдөрү өздөрүнүн кемчиликтерин түшүнө алышабы? Же алар үчүн мамлекет үгүт иштерин жүргүзүп бериши керек беле?


Баса, айрымдары административдик ресурс колдонулду деп да чыр салгылары келет. Бийликтин партиясы деп айтылып жаткан «Ата-Журт» Кыргызстан шаардык кеңешке төртүнчү болуп келди. Эгер административдик ресусүрс колдонулса, биринчи, болбой калды дегенде экинчи келет эле. Же «Ушул партияга добуш бересиңер» деп мектеп директорлору, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери көрсөтмө бергенин уктукпу? Андай фактылар катталган жок. Анан кадагы административдик ресурс тууралуу сөз кылууга болот?


Албетте, добуштарды сатып алуу, добуш берүү күнү үгүт жүргүзүү сыяктуу аракеттер катталды. Бирок, шайлоону жараксыз деп табууга жеткире тургандай масштабдуу болгон жок. Шаардыктар өз тандоосун жасады. Эгерде алардын тандоосу уурдалып кеткен болсо, анда БШКнын алдына партиялардын өкүлдөрү эмес, шаардыктар митингге чыгат эле. Андыктан жеңилгенди моюнга ала билгенди үйрөнүүчү убакыт келди.  


Сагынбек Сатыкеев

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Ыплас отсо чыгат да,сага окшоп кошомат кылбай