4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккандардын катарында «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов да болгону белгилүү. Ал 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин бир катар башка оппозициялык саясатчылар да биригүүгө барган. Бирок, жыйынтыгында алар бириккен топ эмес, убактылуу бийликтин башына Садыр Жапаров жана анын командасы келди. Андан кийин Жогорку Кеңештин төрагасы бир нече жолу алмашты, президенттин милдетин аткаруучу да алмашты. Бир катар кадр алмаштыруулар жүзөгө ашты. Ошону менен катар эле Жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алдыруу аракети жасалды. Ал ишке ашпай калган соң, мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алуу аракети башталды. Мына ушул жагдайлар тууралуу жергиликтүү телеканалдардын бирине маек курган Жеңиш Молдакматов мамлекетибиз 5-октябрдан бери карай мыйзамдуу талаадан одоно түрдө чыгып кетти деп эсептейт.
«Мыйзамдуулук тууралуу азыр кеп кылуунун өзү туура эмес болуп калды. Анткени биз 5-октябрдан баштап мыйзамдуу талаадан чыгып кеттик. Одоно түрүндө бузулду. Өзгөчө мен эки нерсени баса белгилейм. Биринчиси, бул конституциялык реформанын өтүшү боюнча, экинчиси алдыда боло турган референдумду дайындоо боюнча», - дейт ал.
Сөзүн андан ары улаган Жеңиш мырза жаңы конституциялык мыйзам долбоору да, мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо тууралуу мыйзам да одоно мыйзам бузуулар менен коштолду деп белгилейт.
«Бүгүн дүйнөдө 193 мамлекет БУУда катталса, ошонун 50дөн ашык өнүккөн мамлекеттери парламенттик башкаруудагы мамлекеттер. Биз азыр супер президенттикке кетип баратабыз, ошону менен өнүгөбүз деп жатабыз да. Бул жаңылыштык. Кээ бир саясий лидерлер: «Партиялар саясий бизнеске айланып кетти» деп айтып жатпайбы. Конституцияга тийбей эле, шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамды өзгөртүп кой, болду, партияларды парламентке алып келип иштетсең болот. Мейли эми аны да тим коелу. Мына бул Конституциянын 114-беренеси боюнча айталы. Юристтер талашып жатып, эч ким укпай калбадыбы? Ошондо так жазылган, өзгөртүү мүмкүн эмес. Муна дагы тим кой. Конституциялык мыйзам жана регламентке ылайык, 80 депутаттын колдоосу менен референдумга барса болот. 80 депутат демилгелеп чыкты жаңы долбоорду, кайра 4-5 депутат колдорун кайтарып алды го. Демек, жетпей калды да. Ага да көз жуумп коелу. Президенттин милдетин аткаруучу адам конституциялык кеңешмени чакырды. Анда андай укук жок. Эки гана субьект каралган: парламент же 300 миң кол топтош керек. Мына ошондо референдумга барса болот. Ага болбой конституциялык кеңешмени түзүп койду, бүгүн иштеп жатат. Конституциялык кеңешменин бүгүнкү иштеп жатканы логикага жатпайт. Алар эмнеге иштеп жатат, эмнени жасап жатат? Бул бир адамдын тегерегине бийликти топтоого умтулуп, Конституцияны жазып жатышат. А бирок референдум өтөлек да, эл президенттикти же парламенттикти тандай элек да. Эртеңки күнү эл парламенттикти тандап же «баарына каршы» деп койсо булардын иши эмне болот? Булар жазган конституциялык долбоор эмне болот? Бирок, түшүнүп жатабыз, президенттик башкаруу деген форма өтөт. Анткени, эл азыр эйфорияда, парламент жек көрүндү болгон, азыркы фаворит болуп жаткан талапкердин артынан барып президенттикти башкарууну колдоп берет. үчүнчүдөн, азыркы 10-январда өтө турган референдум боюнча мыйзам болуп көрбөгөндөй мыйзам бузуулар менен өттү. Жөнөкөй эле нерселерин санап берели, биринчиден комитетте каралган жок, экинчиден коомдук угуу болгон жок, үчүнчүдөн үч окуудан кабыл алынып жатканда, ар бир окуунун ортосунда өзүнчө убакыт бөлүнөт да, ал бузулду. Эртеңки күнү муну эл аралык коомчулук тааныбай койсо эмне кылабыз? Дагы бир башка өтө маанилүү жагдай бар. Өзүн сыйлаган, укуктуу мамлекеттерде эгерде ушундай парламенттик же президенттик башкаруу деген маселе коюлса, анда эки топ түзүлүшү керек. Эки топ Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өтүп, үгүт иштерин жүргүзүшү керек. Парламенттик жана президенттик башкаруунун жакшы-жаман жактарын талкуулаш керек, дебаттар болуш керек. Болуп жатабы? Жок. Болгону стадионго эл жыйылат, президенттик башкаруунун жакшы жактары гана айтылат да. Өткөндө бирөө туура айтты, президенттик башкарууну колдоп жаткан азыркы 25-30 жаш курактардагы жаштар, алар мындан 10 жыл мурун президенттик башкарууну көргөн эмес да. Туурабы? Мен азыркы жаңы Конституция кабыл алынса да эч нерсе өзгөрүлбөйт деп айтам», - дейт Молдакматов.
Анын айтымында Конституция элди бириктириши керек эле, ал эми Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү багытындагы аракеттер элди бөлүп-жарып койду. «Бүгүнкүдөй бөлүнүү бизде болгон эмес» дейт ал.
Пикирлер (1)