Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жеңиш Разаков бир айга камалды. Иштин чоо-жайы белгилүү болду

Жеңиш Разаков бир айга камалды. Иштин чоо-жайы белгилүү болду

Мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу КР ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Разаков алдоо жолу менен 1 млн АКШ долларын алган факты боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатат.


2022-жылдын 20-сентябрында ИИМдин Тергөө кызматына Б.А. аттуу жаран кайрылып, мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арызын жазган.


Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп 1 млн АКШ долларын алып бербей койгондугун билдирген.


2022-жылдын 1-октябрында ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 24-январында Жеңиш Разаков кармалып, Бишкек шаарынын ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.


"Бүгүн, 26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 2023-жылдын 24-февралына чейин №1 тергөө абагына камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.


Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө процесстери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн