Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:39
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине электрондук документке өтүү боюнча сабактар өткөрүлдү

26.04.2022 12:02
382
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине электрондук документке өтүү боюнча сабактар өткөрүлдү

Өлкөнүн бардык аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары 2022-жылдын 25-27-апрелинде «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасында иштөөнүн натыйжалуу ыкмаларына үйрөнүү боюнча маалыматтык-окуу тренингине катышат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, окутуу КР президентинин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында электрондук документ жүгүртүүнү ишке киргизүү процессин тездетүү боюнча тапшырмасын аткаруу иретинде өткөрүлүүдө.


Жалпысынан окууга 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышат. Окутуу облустардагы жогорку окуу жайлардын жана Ж.Абдрахманов атындагы КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир эле учурда жүргүзүлөт.


Белгилей кетсек, окуу жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин «Infodocs» автоматтык маалымат тутумундагы электрондук документ жүгүртүүгө өткөрүүгө багытталган.


Тренер катары «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери, шаардык калкты тейлөө борборлорунун жетекчилери жана кызматкерлери тартылган. Окутуунун алкагында муниципалдык кызматкерлерге «Е-Кызмат» жана «Санарип аймак» автоматташтырылган маалыматтык системаларын ишке киргизүү боюнча маалымат берилет. Окутуу жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүүнүн автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн