Жалган курандын 17, 2025
Убакыт: 02:08
USD
87.30
87.80
EUR
94.50
95.50
RUB
1.000
1.030

Жети-Өгүздө 500 орундуу мектептин курулушу башталды

29.07.2024 10:08
1107
Жети-Өгүздө 500 орундуу мектептин курулушу башталды


Жети-Өгүз районунун Саруу айылында 500 орундуу Ж.Чабылдаев атындагы мектептин курулушуна капсула салынды.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, ведомство жетекчиси Нурдан Орунтаев Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында капсула салуу иш-чарасына катышты.

Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат. Тендердик баасы 232 млн сомдон ашык бааланган.

Курулуш-монтаждоо иштери “Дастан Строй компани” ЖЧКсы тарабынан аткарылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн