Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жети-Өгүздө жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Жети-Өгүздө жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Бүгүн, 3-августта эртең менен жүргөн селдин калдыктарын тазалоо иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Такталган маалыматка ылайык Жети-Өгүз районунда саат 8:30 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон топтолгон сел суусу Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол унаа жолунун 154-чакырымын кум-шагылга толтурган. 


Ошондой эле Кичи-Жаргылчак айылындагы дарегиндеги 2 үйдүн короосун,сарайын каптап, 1 үйдүн жер төлөсүнө жана сарайына суу кирген. 


Жети-Өгүз райондук №36 ӨКБдан 4 куткаруучу, айыл өкмөттөн 1 жүктөгүч, №3 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, толук тазаланып иш-чаралар аяктап, унаа жолу эки тараптуу ачылган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн