Чын курандын 11, 2025
Убакыт: 15:43:14
USD
87.40
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.028
1.065

Жыл аягына чейин МИК аркылуу 2 миңден ашуун үй-бүлө батир менен камсыз болот, - Туманбаев

21.11.2024 15:03
316
Жыл аягына чейин МИК аркылуу 2 миңден ашуун үй-бүлө батир менен камсыз болот, - Туманбаев


Жыл аягына чейин мамлекеттик ипотека аркылуу 2200 үй-бүлө батир менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттик Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 42 миңге жакын батир куруу пландалууда.

«Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрына чейин алгачкы батирлер берилип, аларды электрондук кезекте тургандар жана үлүштүк курулушка катышкандар алышат”, - деп кошумчалады ал.

«Мугалимдерге, чыгармачыл адамдарга жана дарыгерлерге батир кайсы гана даректе жайгашпасын чарчы метри 650-750 доллардан 25 жылга берилет. Бирок батирлердин баасы жайгашкан жерине карап 150-200 доллар айырма болушу мүмкүн», - деди Туманбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн