Үстүбүздөгү жылдын беш айында (январь-май) Транспорт жана коммуникация министрлигине республикалык бюджеттен 3,9 миллиард сом бөлүндү. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, быйылкы жылга жалпысынан жол тармагына 17,8 миллиард сом каралган.
Аталган каражатка жол курулуш техникасын, битум сатып алуу, жолдорду асфальттоо, оңдоо жана куруу иштери жүргүзүлөрү айтылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн