Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 10:24
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Жылдыз Бакашова Лейлектеги чек арада жашаган эл менен жолугушту

03.06.2021 15:32
2256
Жылдыз Бакашова Лейлектеги чек арада жашаган эл менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Энелерди жана балдарды кооптондуруп жаткан бир катар актуалдуу маселелер талкууланды. Эң чоң көйгөй - медициналык кызматкерлердин жетишсиздиги. 

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кыска мөөнөттө гинеколог, стоматолог, педиатрлардан жана башка тар чөйрөдөгү адистерден турган мобилдик бригадалардын чыгуусун уюштуруу, элге зарыл психологиялык жардам көрсөтүү үчүн адистердин бригадасын жөнөтүүсү тапшырылды.

Андан соң «Ас-Сафа борбору» коомдук бирикмеси тарабынан курула турган фельдшердик акушердик пунктунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Бел-Алма жана Булак-Башы айылдарындагы капиталдык ремонтко муктаж болгон эки мектепке жана Кулунду айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борборуна барды.

Аталган борборго жана Максат айылындагы мектепке Министрлер Кабинетинен спорттук инвентарь берилди. 

Реабилитациялык борбордун шарты менен таанышып, андагы кызматкерлер менен маектештик. Борбордун айлык акыны жана коммуналдык тейлөөлөрдү төлөп берүүдө көйгөйлөрү бар экен. Аталган маселелерди чечүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Ошондой эле, республиканын жабыр тарткан чек ара айылдарындагы мектептеги билим берүүнүн сапатын жалпысынан жогорулатуу максатында Билим берүү жана илим министрлигине төмөнкүлөр тапшырылды:

- мектеп мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча кыска мөөнөттүү курстарын уюштуруу, анын ичинде онлайн режиминде да өткөрүү;

- жабыркаган айылдардагы мектептердин окуу-методикалык жабдуулар менен камсыздалышын өзгөчө көзөмөлгө алуу;

- тармактык түзүмдөр менен биргеликте Лейлек районунун Булак-Башы айылындагы «Булак-Башы» мектебинин авариялык абалдагы имаратынын ордуна типтүү имараттын курулушу маселесин иштеп чыгуу.

Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын медициналык кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда «кызыл зонада» иштеген медиктерге компенсацияларды төлөп берүү жана нейрохирург, эндокринолог сыяктуу тар адистиктеги врачтардын жетишсиздиги боюнча маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Баткен облусунун саламаттык сактоо тутумундагы маселелерди ыкчам чечүү максатында Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Лейлек райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ремонтун жана оорукананын суу менен камсыздоо тутумун жыйынтыктоо үчүн кошумча каражатты издеп табуу тапшырылды.

Ведомствого эки айлык мөөнөттө Баткен облустук ооруканасын компьютердик томография аппараты менен жабдуусу, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кыска мөөнөттүү курстарды ишке киргизүүсү тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жаш дарыгерлерге колдоо көрсөтүү максатында аларды жер тилкелери менен камсыздоо маселесин иштеп чыгуусу тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн