Бугу 02, 2025
Убакыт: 15:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.090

Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо министрине нааразы болгон аял менен жолугушту

20.05.2021 21:39
1295
Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо министрине нааразы болгон аял менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова бүгүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрин инвалиддерден пара талап кылууга айыптаган Орозбү Ашимбаева менен жолугушту. Бул тууралуу Бакашова социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Бир аз мурун Ашимбаева Орозбү Арстанбековна аттуу жаран менен жолуктум.


Ашимбаева жараныбыз Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жашайт.


Жеке кабыл алууда жаран Ашимбаева өз айылынын социалдык жана инфраструктуралык маселелерин чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчүн, ошондой эле медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) Ош облустук бөлүмүндө Э.Отокованын кызынын күйөөсү жана үч баласы менен үй-бүлөсүнүн майыптыгын текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчүн билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жогорудагы маселелерди иштеп чыгууну, анын аткарылышын жеке көзөмөлүнө алып, кийинчерээк жаран О.А.Ашимбаевага милдеттүү түрдө кабар берип турууну тапшырдым",- деп билдирди Бакашова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн