Бугу 04, 2024
Убакыт: 08:18
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Жылдыз Бакашова кичинекей кызы менен такси кылган жарандын абалын жеке көзөмөлүнө алды

12.08.2021 08:41
421
Жылдыз Бакашова кичинекей кызы менен такси кылган жарандын абалын жеке көзөмөлүнө алды

Министирлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова баласы менен таксиде иштөөгө мажбур болгон жарандын абалын жеке көзөмөлгө алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Нурилло Мухаммеджанов – эки баланын атасы, анын жубайы бир ай мурун экинчи баласы төрөлгөндөн кийин каза болгон. Анын айтымында, кызын бала бакчага албай жаткандыктан, ал кызы менен таксиде иштөөгө мажбур болууда. Бүгүнкү күндө жаш бала Свердлов районунун №171 бала бакчасына кирүү үчүн электрондук кезекке киргизилди.


Мындан тышкары, Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кызматтык териштирүү жүргүзүп, жарандын жубайынын каза болгондугунун жагдайы боюнча маалымат берүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн