Бугу 13, 2025
Убакыт: 17:49
USD
87.30
87.80
EUR
96.80
97.80
RUB
1.060
1.100

Жыргалбек Сагынбаев Башкы прокуратура тарабынан кармалды

15.03.2022 12:29
823
Жыргалбек Сагынбаев Башкы прокуратура тарабынан кармалды

Башкы прокуратура Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Жыргалбек Сагынбаевди кармады.


Бул маалыматты башкы көзөмөл органынын расмий өкүлү Сирожиддин Камолидинов билдирди.


“Ал комитетте иштеп турганда кызматкерлерине 5 миллион сомдон көп каражатты мыйзамсыз түрдө сый акы катары берген экен. Толук маалыматты кийинчерээк беребиз”, - деди Камолидинов.


Анын сөзүнө караганда, Сагынбаев менен кошо өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин укуктук камсыздоо бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Элдияр Муканов да кармалды. Ал азыр Энергетика министрлигинде иштейт.


Шектүүлөр Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалган адамдардын адвокаттары менен жакындары азырынча комментарий бере элек. 


Булак: "Азаттык" үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн