Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар карыз алууну колдоду

07.12.2022 11:54
250
Жогорку Кеңеш Азия өнүктүрүү банкынан 50 млн доллар карыз алууну колдоду

Бүгүн, 7-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «2022-жылдын 11-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (жеңилдетилген шарттардагы кадимки операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”), Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (атайын операциялар) (“АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу”) ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.



Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин мүчөсү Ырысбек Атажанов белгилегендей, “АӨБ турукташтыруу (антициклдик) механизминин алкагында активдүү антициклдик чыгашалардын (BRACE) жардамы менен туруктуулукту жогорулатуу” дүйнөдөгү геосаясий туруксуздук менен байланышкан жаңы кризистин үй чарбаларынын кирешелерине, өзгөчө аялуу топторуна, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жана макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин жумшартууга багытталган.


Программаны ишке ашыруу үчүн Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти колдоого 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү финансылык жардам берилет, анын ичинде 25 млн АКШ доллары – грант жана 25 млн АКШ доллары – кредит. Бул финансылык каражаттар республикалык бюджетти колдоого багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн