Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш Билим берүү министрлигине талапкер Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин колдоду

16.02.2022 15:19
526
Жогорку Кеңеш Билим берүү министрлигине талапкер Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин колдоду

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берүү маселесин карады.


Талапкер тууралуу маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.


Талкуунун жүрүшүндө депутат Чыңгыз Айдарбеков мамлекеттин өнүгүүсү билим берүүнүн сапатынан көз каранды экенин белгиледи. Анын айтымында, билим берүү тармагындагы бардык мыйзамдарды талдап, учурдун талабына жооп берген документти иштеп чыгуу, билим берүү мекемелерин аккредитациялоо жана лицензиялоо процедурасын жөнөкөйлөтүү зарыл. Билим берүү жана илим министри кызматына талапкер билим берүү жөнүндө мыйзам долбоору коомчулуктун кеңири талкуусунан өтөрүн айтты.


Депутат Чыңгыз Ажибаев Билим берүү жана илим министрлиги мектеп программасын кайра карап чыгышы керектигин белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн