Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:09
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен бирге башкарууну колдоду

17.11.2022 16:20
345
Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан менен бирге башкарууну колдоду

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 17-ноябрдагы жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселесин карады.


Жыйында “2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө Кыргызстандын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үч окуудан жактырылды.


Эл өкүлдөрүнүн 65и “макул”, 18и “каршы” добушун берди.


Мыйзам долбоору боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди.


Анын айтуусуна караганда, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 4 485 гектар жер Өзбекстандын карамагында каларын маалымдады. Муну менен катар суу сактагычтын суу ресурстарын биргелешип башкаруу, Кыргызстандын жарандарынын сууга тоскоолдуксуз жана чектөөсүз кирүүсүн өзбек тараптан камсыздоо, тегерегине эч кандай инженердик-техникалык курулмаларды орнотпоо эрежелери камтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн