Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:32
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеш Орхан Инанды боюнча Садыр Жапаровго, Башкы прокуратурага жана Министрлер кабинетине тапшырма берди

07.07.2021 17:59
862
Жогорку Кеңеш Орхан Инанды боюнча Садыр Жапаровго, Башкы прокуратурага жана Министрлер кабинетине тапшырма берди

Жогорку Кеңештин депутаттары Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын угуп токтом кабыл алды.


Ага ылайык, президент Садыр Жапаровго сунуш, Башкы прокуратура менен министрлер кабинетине тапшырмалар берилди.


Токтомдо төмөнкүлөр жазылды:


Президентке укук коргоо органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын жетекчилигинин жеке жоопкерчилигин кароо сунушталсын.


Министрлер кабинети жана Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны өлкөгө алып келүү жана КР Конституциясына, эл аралык укуктук талаптарга ылайык мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча бардык чараларды көрсүн;


Башкы прокуратура тарабынан адамдардын жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуучу чет өлкөлүк атайын кызматтардын жана уюмдардын чалгындоо ишинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө карата мыйзамсыз аракеттерди табуу, алдын алуу жана жоюу иштери менен алектенген, ошондой эле мамлекеттик чек араны кайтарган кызмат адамдарынын ишине укуктук баа берилсин.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн