Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 00:32
USD
87.30
87.80
EUR
89.80
90.80
RUB
0.845
0.880

Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди

05.12.2024 10:45
274
Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек министри кызматына дайындоого макулдук берди


Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Равшанбек Сабировду дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, президенттин сунуштамасы менен тааныштырды. 

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн