Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:06
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңеш «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамды четке какты

11.01.2023 16:49
628
Жогорку Кеңеш «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» мыйзамды четке какты



 Жогорку Кеңештин жыйынында «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.


Жыйында баяндама жасаган Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова белгилегендей, мыйзам долбоору менен “Өкмөт” деген сөздү “Министрлер Кабинети” деген сөздөргө алмаштыруу аркылуу Мыйзамдын 61-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат. Ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат адамдары тарабынан ушул мыйзамды аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик жетекчиге, ал жок болгон учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын катчысына жүктөлөөчү өзгөртүүлөр киргизилет.


Ошондой эле бийликтен расмий жооп келгенге чейин кайрылууну аткаруу мөөнөттөрүн узартуу боюнча өзгөртүү сунушталууда. Бул норма маселелерди чечүү чет мамлекеттин компетенттүү органдарына тиешелүү болсо гана колдонулат. Буга депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Эмил Токтошев 8-пункттун 5-пунктунда кандай гана учур болбосун, жарандардын кайрылуусун кароонун конкреттүү мөөнөттөрү көрсөтүлүүгө тийиш экенин баса белгилешти. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн