Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 17:59
USD
87.00
87.50
EUR
95.20
96.20
RUB
1.010
1.050

Жогорку Кеңеш депутат Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигинен ажыратууну карайт

26.11.2021 12:32
803
Жогорку Кеңеш депутат Жээнбеков менен Зулпукаровдун кол тийбестигинен ажыратууну карайт

Бүгүн, 26-ноябрда КР Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын саат 14.00дө башталып, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат:


КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жээнбековду жана Т.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө КР башкы прокурору Крманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү.


Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков “Кумтөр” иши боюнча кармалган.


УКМК “Кумтөргө” байланыштуу 4 кылмыш ишин иликтөөдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн