Бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 23-октябрда кармалган саясатчы жана активисттер тууралуу маалымат угууну сунуштады.
"Өкмөт суранып жатат, президент айтып жатат" деген негиз менен маанилүү-маанисиз көп эле маселелерди кезексиз карап жүрөбүз. 23 адам камалды, алардын артында 23 үй-бүлө турат. Эл аралык уюмдар кабатырланып, билдирүү кылып жатат. Биз түбүндө туруп, карабай, унчукпай койгонубуз таптакыр туура эмес", - деди Мадумаров.
Ал эми депутат Фархат Исмаилов депутат Мадумаровду пиар кылып жатат деп айыптады.
Натыйжада жапырт камоолор боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматы бүгүн, 26-октябрда угууну чечишти.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн