Бугу 18, 2024
Убакыт: 14:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташтыгы талкууланды

12.12.2022 12:38
311
Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматташтыгы талкууланды

Бүгүн, 12-декабрда  Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жергиликтүү өз алдынча башкаруу союзунун директору Бектурган Орозбаевди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, жолугушууда Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланышын бекемдөө маселелери талкууланды.


Төрага Нурланбек Шакиев аймактардын өнүгүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу жогору экенин белгилеп: “Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш алардын ишин жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого алып, натыйжалуу башкаруу системасын калыптандырууга керектүү мыйзам актыларын кабыл алып келет. Айрыкча акыркы учурларда парламент менен өз алдынча башкаруу органдарынын өнөктөштүгүн өөрчүтүүгө өзгөчө басым жасалууда”, – деди. 


Муну менен катар Жогорку Кеңештин регламентинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдардын таасири жөнүндөгү баяндаманы эки жылда бир жолу угуу тууралуу талап киргизилгенин эске салган төрага: “Ошондой эле бюджеттер ортосундагы мамилелерге байланышкан макулдашуунун протоколу да жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралары белгиленген”, – деди.  


Өз кезегинде Бектурган Орозбаев айтылган жаңы механизмдер парламент менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын байланышын бекемдөөгө өбөлгө түзөөрүн билдирип, өзү жетектеген союз коюлган талаптарды ишке ашыруу жаатында Жогорку Кеңешке негизги өнөктөш болуп берерин кошумчалады. 


Мындан тышкары, жолугушууда мыйзам актыларына жүргүзүлгөн инвентаризациялоо жана анын жыйынтыктары тууралуу да сөз болуп, анын ичинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин илгерилетүүгө багытталган мыйзамдарды жакшыртуу маселеси айтылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн