Бүгүн, 22-июлда Жогорку Кеңеште "Министрлер кабинети жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.
Мыйзам долбоорунун докладчысы Юстиция министри Асел Чынбаева депутаттар суроолоруна жооп бере албай сынга кабылды. Ал эми президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов мыйзамдын концепциясын колдоп берүүнү жана сунуштарды кийинки окууларга чейин берүүнү суранды.
Жыйын жүрүшүндө депутаттар мыйзам долбоорун артка кайтаруу сунушун киргизди. Сунуш көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен мыйзам долбоору артка кайтарылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн