Султанбек Анарбаев “Кыргызстан” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты болду.
Ал бүгүн, 14-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында ант берди. Анарбаев мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктары токтотулган депутат Таалайбек Масабировдун ордуна келди.
Таалайбек Масабиров ушул жылдын 25-сентябрында депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн