Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин тиешелүү жетекчилери, бизнес коомчулуктун, бейөкмөк уюмдардын өкүлдөрү жана башка бардык кызыктар тараптар катышууда.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев баяндама жасап: “Мыйзам долбоору ишкердик субъекттери үчүн жагымдуу климатты түзүүгө багытталган чараларды карайт, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу да башкы максат болуп эсептелет”, – деди.
Белгилүү болгондой өзгөртүүлөр аркылуу төмөндөгүдөй ченемдер сунушталууда:
1) ККМди колдонууда товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуудан түшкөн акчанын жылдык көлөмү 8 млн сомго чейин жеке ишкерлерди салыктарды төлөөдөн мөөнөтсүз бошотуу;
2) Түшкөн акчанын көлөмүн чектебестен бирдиктүү салыктын негизинде режимди кеңейтүү, ошондой эле патенттин ордуна чакан жана орто бизнес үчүн бирдиктүү салыктын ставкасын 30,0 млн сомго чейин азайтуу – 0,5%, 30,0 ден 50,0 млн. сомго чейин – 1%;
3) Патенттик системаны оптималдаштыруу максатында соода үчүн патенттердин жарактуулук мөөнөтүн 1-жылдын 2024-январына чейин белгилөө сунушталат;
4) ККМди колдонууда айыптардын өлчөмдөрүн азайтуу, ошондой эле аларды 15 күндүн ичинде төлөгөн учурда айыптардын өлчөмдөрү 70% га азайтылат;
5) Бирдиктүү салык субъекттери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өлчөмүн 1900 сомдон 800 сомго чейин, башкача айтканда патенттегидей азайтуу;
6) Коомдук тамактануу чөйрөсүндө, IT тармагында, креативдүү индустрияда, туристтик тармакта салык төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү салык боюнча ставканы төмөндөтүү;
7) накталай эмес эсептешүүлөрдө 0% ставкасын узартуу;
8) 2024-жылга чейин айыл чарба өндүрүүчүлөрүн эсептик каттоону жүргүзүү жана үлүштүк курулуш келишимдери түзүлгөн учурда накталай эмес эсептешүүлөрдө 0% ставкасын төлөө 1-жылдын 2022-январына чейин узартылат;
9) Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан аныкталган тизме боюнча ата мекендик өндүрүштү салыктардан бошотуу;
10) салыктык башкарууну жакшыртуу максатында банктар тарабынан салык төлөөчүнүн, башкача айтканда, жөнөкөй жарандардын эсептеринде чагылдырылган операциялар боюнча салык кызматына маалыматтарды берүү.
Жыйында айтылгандай, Дүйнөлүк банктын отчетуна ылайык, көпчүлүк өлкөлөрдүн салык органдарынын компьютердик маалымат тутумдары каржы институттарынан алынган маалыматтарды активдүү колдонушат. Айрыкча, мындай эреже Австралия, Канада, Дания, Финляндия, Эстония, Индия, Израиль, Япония, Литва, Люксембург, Россия Федерациясы, Сингапур, Улуу Британия, АКШ өңдүү өлкөлөрдө кеңири жайылган.
Ал эми Россия Федерациясы, Беларусь Республикасы, Өзбекстан Республикасы жана Казакстан Республикасы сыяктуу КМШ өлкөлөрүндө юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн акчалай эсептешүүлөрдүн тартиби салык органдары тарабынан көзөмөлдөнөт.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн