Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:53
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңеште аялдардын квотасы азаят

29.07.2021 08:20
763
Жогорку Кеңеште аялдардын квотасы азаят

Парламент Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу президент Садыр Жапаров сунуштаган мыйзам долбоорун бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда колдоду.


Бүгүнкү жыйынга документ өзгөртүү менен киргизилди. Ага ылайык, 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) система менен шайланат. Ал эми босого чек үчтөн беш пайызга көтөрүлгөн. "Ар бир төртүнчү депутат аял болсун" деген квота киргизилди.

Жыйында сүйлөгөн депутаттар президент бир мандаттуу шайлоо системасын калтырууну талап кылып, "калганын өзүңөр чечкиле" деп айтканын билдиришти.


Натыйжада 107 депутат макул, экөө каршы добуш берди. Эми мыйзам долбооруна президент кол койсо күчүнө кирет. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн