Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 00:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңеште оң рулдуу унааларды алып келүү кайрадан көтөрүлдү

17.02.2022 14:45
1172
Жогорку Кеңеште оң рулдуу унааларды алып келүү кайрадан көтөрүлдү

2022-жылы 17-февралда “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи ирет коомдук талкууга коюлду.


Демилгечи – Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова.


Документке ылайык, “КРдагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын аймагында каттоого алуу, пайдаланууга киргизүү жана жол кыйымылына катышуу үчүн рулдук башкаруусу оң тарапта жайгашкан транспорт каражаттарын ташып келүүгѳ тыюуну алып салуу максатында иштелип чыккан.


Оң рулдуу автомобилдер жол-транспорттук окуялардын (ЖТО) күнѳѳкѳрлѳрү болуп жатат деп эсептеп, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги 2015-жылы оң рулдуу транспорт каражаттарын ташып кирүүгѳ тыюу салууну демилгелген.


Бирок, статистика боюнча авариялардын 60%ы жол эрежелерин билбегенден улам келип чыгып жаткандыгын белгилеп кетүү зарыл, т.а., авариялардын себеби рулдун жайгашуусуна карай эмес, тескерисинче, ошол рулда ким отурат жана айдоочу күбѳлүктү ошол айдоочу кантип алгандыгында болуп жатат.


Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын аймагына Армения, Абхазия жана Россия сыяктуу ѳлкѳлѳрдѳн оң рулдуу автомилдер кѳп санда ташылып келип жатат, жана жеткирүүнүн азыркы колдонуудагы схемасы республикалык бюджетке зыян алып келүүдѳ. Тактап айтканда, бажы пошлиналары, тариздѳѳдѳгү жыйымдар, кыймылдуу мүлккѳ салык жана “Коопсуз шаар” долбоору боюнча ЖКЭни бузгандыгы үчүн айып пулдартѳлѳнбѳй калып жатат.


Андан тышкары, бул автомашиналардын абалы, ѳзүңүздѳр билгендей, начар. Кыргыз Республикасынын жарандарынын чыгымдарынын негизги үлүшү ошол автомобилдерди кармоого, анын оңдоп-түзѳѳсүнѳ, күйүүчү майына ж.б. кетип жатат. Чынында, кѳптѳгѳн жарандарыбыз үчүн автотранспорттук каражат үй-бүлѳсүн багууга кирешенин жалгыз булагы болуп саналат.


ЕАЭБдин бажы кодексине ылайык, оң рулдуу автотранспорттук каражаттарды ташууга тыюу ЕАЭБ ѳлкѳлѳрүнүн аймагында жок болуп саналат.


Ошентип, рулдук башкаруусу оң тарабына жайгашкан транспорттук каражатты каттоо, пайдаланууга берүү үчүн ташып келүүгѳ тыюуну жокко чыгаруу тѳмѳнкүлѳргѳ мүмкүндүк берет:


- автомобилдер паркынын бир топ жаңылануусу;


- зыяндуу заттардын чыгындысынан экологиялык абалды жакшыруусу;


- калктын жакшыртылган техникалык мүнѳздѳмѳдѳгү автомобилдерге керектѳѳсү канааттануусу;


- республикалык бюджеттин толтурулушу.


Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев дагы ушундай демилгени көтөрүп чыккан.


 


Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Рахат Асакеев
Киргизишкерек. Япониядагы автоунаа бизге келишин жол ачыш керек.
Акунов Нурсултан
Япон унаалары келсин,азыркы учурда болгон Россиянын мусорун алып келип жатышат,карапайым калкка жакшы болмок япон унаалары келсе
Орозбек
Бизге япошкалар керек
Рахматулла
Туура сунуш, азыркы учурда көптөгөн унаалардын техникалык абалы талапка такыр жооп бербейт, экинчиден өлкөбүздө Армения авхазия дан келип жатат тыюу салынган менен, өлкөнүн бюджетине каражат түшпой жатат