Бугу 04, 2024
Убакыт: 13:23
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары омикрон штаммын жуктуруп алган

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары омикрон штаммын жуктуруп алган

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынан коронавирус илдетинин омикрон штаммы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.


Аталган комитеттин төрагасы Медербек Алиев («Ишеним») чогулуштун алдында айрым кесиптештери коронавирустун омикрон штаммын жуктуруп алышканын айтты.


Жыйынга депутаттар Медербек Алиев, Жусупбек Коргонбай уулу (Ноокат округу), Замирбек Мамасадыков («Ыйман нуру»), Улан Примов (Алай округу), Равшанбек Сабиров («Ата Журт-Кыргызстан»), Алтынбек Сулайманов («Альянс»), Бакыт Төрөбаев («Ата Журт-Кыргызстан»), Чыңгыз Ажибаев (Лейлек округу) катышууда.


Булак: Баракелде

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн