Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарбагышев мандатынан ажырады. Тиешелүү маселе БШКнын 25-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.
Маалыматка ылайык, Сарбагышевдин ыйгарым укуктары жеке арызынын негизинде токтотулган. Анын күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Сарбагышев 2021-жылы №36 Ысык-Көл шайлоо округунан шайланып келген. Мыйзам боюнча, эки ай ичинде аталган аймакта кайра шайлоо өтүшү керек.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн