Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 08:47
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Жогорку Кеңештин депутаттары Түрк парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

23.11.2022 09:18
308
Жогорку Кеңештин депутаттары Түрк парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты

22-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Мустафа Шентоптун коштоосунда Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой эле 2016-жылдын 15-июлундагы мамлекеттик тѳңкѳрүш аракети боюнча маалымат алышты.


Муну менен катар төрага Нурланбек Шакиев Мустафа Шентоп менен бирге ошол окуяга арналып тургузулган эстеликке гүл коюп, курмандыктарды эскеришти.


Белгилей кетсек, төрага Нурланбек Шакиев баштаган парламенттик делегация Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоптун чакыруусу менен Анкара шаарына расмий иш сапары менен барган. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев, депутаттар Алишер Козуев, Акылбек Түмөнбаев, Улан Примов, Мурадил Сыдыков, Русланбек Жакышов, Айбек Маткеримов, Гүлкан Молдобекова, Ырысбек Атажанов, Динара Ашимова, Улан Бакасов, Эльдар Сулайманов бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн