Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 02:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

09.05.2022 14:28
955
Жогорку Кеңештин депутаттары Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты

Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Президент Садыр Жапаров баштаган жетекчилер жана депутаттар менен бирге Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирет.


Ошондой эле салтанатта ардагерлер жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду. 


Иш-чаранын алкагында Өчпөс отко гүл коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилди. Андан соң Президент куттуктоо сөзүн сүйлөдү.


Төрага Талант Мамытов ардагерлер менен баарлашып, Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Жакшы тилектерин айтуу менен аларга дөөлөтүү карылык, узак өмүр каалады.   




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн