Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрүнүн айлыгынын эсебинен Баткен облусуна 2 миллион сом, Кара-Дарыя айылына 1 миллион сом бөлүп берди. Мындай чечим парламенттин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Маалым болгондой, Баткен облусундагы чек ара окуясынан жабыркаган Баткен жана Лейлек районунун тургундары түз жардам берилмей болду.
Ал эми селден жабыркаган Кара-Дарыя айылынын тургундарына 1 миллион сом бериле турган болду.
Пикирлер (1)