Бугу 19, 2024
Убакыт: 21:11
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жогорку Кеңештин депутаттары кантип шайланат? Мыйзам долбоору комитетте каралды

14.07.2021 11:18
1047
Жогорку Кеңештин депутаттары кантип шайланат? Мыйзам долбоору комитетте каралды


Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана ЖКнын регламенти боюнча комитети «КРнын Жогорку Кеңешинин жана КРнын президентин шайлоо жөнүндө» КРнын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Бул тууралуу КР парламентинин басма сөз кызматы билдирет.


Мыйзам долбоорунун демилгечиси – КР президенти Садыр Жапаров. Конституциялык мыйзам долбоору КР президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды 2021-жылы 11-апрелдеги референдум менен кабыл алынган КРнын Конституциясына ылайык келтирүүгө багытталган. Аралаш система боюнча (парралель) 90 депутатты тандоо үчүн жаңы шайлоо системасын киргизүү сунушталууда:


- 35 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система менен шайланат;


- 55 депутат бир мандаттуу округдарда пропорционалдык (партиялык тизме) менен шайланат.


Мыйзам долбоору бүгүн, 14-июлда парламенттин жыйынында каралат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн