Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:58
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жогорку Кеңештин комитети 14 млн евро кредит алууга макулдук берди

23.01.2023 11:05
214
Жогорку Кеңештин комитети 14 млн евро кредит алууга макулдук берди

Жаратылыш ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “2022-жылдын 8-июлунда Лондон шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасында климатка туруктуу суу менен камсыздоо” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.


Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, аталган долбоордун максаты - Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван- Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштеринин аткаруу.


“Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтын суу менен камсыздалышы жакшырат. Мерчемделген иштерди ашыруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 870 000 евро болгон каражат бөлүнүп берилет, анын ичинде кредиттик келишимге ылайык – 14 130 000 евро, Гранттык макулдашууга ылайык – 3 740 000 евро”, - деди.


Баяндамачы, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.


Талкуу маалында комитет мүчөлөрү ирригациялык тармакты өнүктүрүүнүн, суу менен камсыздоо маселелердин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти.


Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн